Quantcast
Channel: Посольство Кыргызстана в Республике Корея
Viewing all articles
Browse latest Browse all 66

Республикабыздын түштүгүндө 17 ноябрда болгон зилзаладан жабыркаган калкка көмөктөш көргөзүү максатында, 2015 жылдын 30 декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Кореянын атомдук жана гидроэнергетикалык корпорациясынын Вице-президенти Янг-Хо Бэ менен жолугушуу болуп өттү.

$
0
0

Проект

 

 

Пресс-релиз

 

Республикабыздын түштүгүндө 17 ноябрда болгон зилзаладан жабыркаган калкка көмөктөш көргөзүү тууралуу, 2015 жылдын 30 декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Кореянын атомдук жана гидроэнергетикалык корпорациясынын Вице-президенти Янг-Хо Бэ менен жолугушуу болуп өттү.

Вице-президент Янг-Хо Бэ корпорациянын атынан Кыргызстандын аймагында болгон зилзалага өзүнүн тынчсыздануусун айтып, жабыркаган элге 10 млн. корей вону (700 миң сомго жакын) өлчөмдөгү финансылык жардам көргөзөрүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги, өз учурунда, кореялык тараптын көргөзгөн тынчсыздануусуна жана өлкөбүзгө гуманитардык жардам көргөзүүсүнө даяр экендигине ыраазычылык айтып, зилзаландан жабыркаган аймакты өзүнө келтирүүгө болуп жаткан иш-чаралары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу учурунда жана башка инвестициялык кызматташтык тууралуу суроолор талку болуп, Кореянын атомдук жана гидроэнергетикалык корпорациясы Кыргыз республикасындагы чакан жана орто ГЭСтердин курулуш проектерине катышуусун пландаштырып жатканканын билдирди.

 

Кыргыз Республикасынын

Корея Республикасындагы

Элчилиги


Viewing all articles
Browse latest Browse all 66