2016-жылдын 9-февралында Корея Республикасынын Сеул шаарында, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти куудул Күмөндөр Абылов менен жана ырчы Айбек Касымовдун улуттук эстрадалык ырларын аткаруусунда концерт болуп өттү.
Концерт Кореядагы кыргыздардын диаспорасынын активистери тарабынан уйуштурулуп, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги менен кореялык өнөктөштөрдүн колдоосунда болуп өттү.
Маараке Кыргыз Республикасындагы тарых жана маданият жылына карата жана ай календары боюнча Жаңы-Жылды майрамдоо максатында өткөрүлдү.
Концерт учурунда куудул Күмөндөр Абылов өзүнүн шаңдуу алып баруусу менен элдердин маанайын көтөрдү, ырчы Айбек Касымовдун аткаруусунда кыргыздардын эстрадалык жана фольклордук ырларын аткарды.
Майрамдык концерттин алкагында «Махабат дастаны» аттуу кино көргөзүлдү.
Мааракенин коноктору Кореянын ар тарабында жашаган кыргызстандыктар менен кореялык коноктор болушуп, кыргыздардын музыкасы менен майрамдык шаң маанайын көрүшкөн коноктор аябай кубанычта калышты.