Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Кадырман мекендештер! Агайын-туугандар!
2015-жылдын 25-ноябры Кыргызстандын тарыхында даңазалуу күн болуп калмакчы – бул улуу күнү биздин саныбыз 6 миллионго жетип отурат! Бул сүйүнчү кабар баарыбызды кубанычка бөлөдү.
Тогуз ай бою омурткасы сыздаганына кайыл болуп, наристени көтөрүп, аман-эсен жарыкчылыкка жараткан апасына, анын жанында күнү-түнү караан болуп турган атасына кыргызстандыктардын атынан алкыш айтамын!
Балканактай балалуу болгон үй-бүлө ырыскы-кут кирди деп бакытка балкып, эртеңкиге улуу үмүт байлайт. Кыргызстан деген үй-бүлө да арабызга келип кошулган наристебиз акжолтой, эл керегине жараган адам болсун деп тилек кылып турабыз.
Карт тарыхта кыргыздар далай ирет бытыранды болуп, жок болуу коркунучуна кептелген. Бир кылым илгери эле Үркүндө сүрүлүп-бүлүнгөн калкыбыздын катары кыйла суюлган. Ал эми Улуу ата мекендик согушта улуттун тукумун улай турган жүз миңдеген эр-азаматтарыбыздан айрылганбыз.
Бирок ар бир жолу Кудайым да, тарых да улутубузга ырайым кылып, жер үстүнөн сыйпалагыс кылып жок болуудан сактап келди. Бактыбыз тоодой эл экенбиз, бутак-тамырыбыз жайылып отуруп, 6 миллионго жетип отурабыз!
Соңку жылдары көптөгөн өлкөлөрдүн, кала берсе өнүккөн мамлекеттердин калкы карып азайып баратат. Ал эми Кыргызстаныбыз дүйнөдө жаш өлкөлөр катарында турат – калкыбыздын 33 процентин балдар менен өспүрүмдөр түзөт! Бул – эртең эл-жерибиздин экономикалык жана руханий күч-кубаты артып, келечегибиз кең болорунун белгиси.
Кыргыз эли абалтан ар бир балага, ар бир үй-бүлөгө көзүнүн карегиндей мамиле жасап келген. Жоокерчилик заманда чакан элдин өз тукумун сактап калууга умтулуусу табигый инстинкт болгон эле. “Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар” деген ташка тамга баскандай макалдар ошондон улам жаралса керек.
Тилекке каршы, өткөн кылымдын соңунан кийинки кыйын кезеңде он миңдеген үй-бүлөлөр ыдырап, жүз миңдеген балдар кароосуз калды. Абал акыркы жылдары гана оңолуу жолуна түштү. Мамлекетибиз бала, үй-бүлө институтун бекемдөө ишин кайрадан колго алууда. Жаңы бала бакчалар, мектептер салынып жатат, жаш үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо аракети көрүлүүдө.
Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясын бекиткен. Ар бир бөбөктүн билим алышы, үй-бүлөлүк мээримге бөлөнүп, телегейи тегиз өсүшү үчүн мамлекетибиз күчүн үрөп жатат. Билим берүүгө эле бюджеттин төрттөн бири жумшалат.
Ошону менен катар балдарыбыздын азыркы замандын талаптарына шайкеш, ар тараптуу жетилиши жана бакубат келечеги үчүн мамлекет менен ата-энелер дагы көп иштерди жасоого тийиш. Тилекке каршы, балдарга зомбулук көрсөтүү жана кордоо окуялары дагы эле орун алып жатат. Өспүрүмдөрдүн окуудан өксүшү, ата-энеден жана мамлекеттен кароосуз калышы да токтой элек. Мындай терс көрүнүштөргө баарыбыз жабыла бөгөт коюшубуз керек.
Ар бир наристе ата-эненин мээримине жана камкордугуна бөлөнүп чоңоюуга акылуу. Ата-эне менен мамлекет балдардын саламаттуу, билимдүү жана ыймандуу болуп өсүшүнө канча көп салым салса, анын акыбети ошончо кайтат – төрт тарабы төп келишкен азаматтар өз үй-бүлөсүн, бүт Кыргызстанды көтөрүп кетет.
Журт ичинде тынчтык менен ынтымак болгондо, ар бир үй-бүлө өз күчүнө ишенгенде гана балдар төрөлүп, башыбыз көбөйөт эмеспи. “Ынтымактуу үйгө ырыс конот” дегендей, ар бир үйдө ынтымак, бакубатчылык болгондо гана өлкөбүздүн кубаты артат.
Кадырман калкым, биз 6 миллион болдук. Бул жакшылык менен кыргызстандыктарды дагы бир жолу куттуктаймын!
Кудайым баарыбызга белекке берген балабыздын бешик боосу бек, өмүрү узун болсун! Башыбызга баш кошулсун, уучубуз узарып, тамыр-бутагыбыз жайыла берсин.
Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!