Кыргызстанда 7-ноябрь дем алыш куну деп жарыялангандыктан, Элчилик 7-ноябрь дуйшомбу куну иштебейт.
Кыргызстанда 7-ноябрь дем алыш куну деп жарыялангандыктан, Элчилик 7-ноябрь дуйшомбу куну иштебейт.
Урматтуу мекендештер! 2016-жылдын 11-ноябрында (жума) «Кыргызстандын маданиятынын кундору» концерттик программасына жана «Курманжан датка – Алай ханышасы» кинофильмине чакырабыз!
Урматтуу мекендештер!
2016-жылдын 11-ноябрында (жума) «Кыргызстандын маданиятынын кундору» концерттик программасына жана «Курманжан датка – Алай ханышасы» кинофильмине чакырабыз!
СЕУЛ
12:30 Фильм «Курманжан датка –
Алай ханышасы» (корей субтитрлери менен)
19:30 Концерттик программа
Место проведения: Национальный центральный
музей Кореи 국립중앙박물관 극장 용
Адрес: 04383 서울시 용산구 서빙고로 137
(Фольклорный ансамбль «Хан Тенгир», Ансамбль танца и песни «Семетей», солисты Аскат Мусабеков, Каныкей Раймалиева, обладательница Девятого международного циркового фестиваля «Эхо Азии 2016» Ч.Мадимкулова)
Кируу акысыз!
Урматтуу мекендештер! Эсиниздерге салабыз, 2016 жылдын 11 декабр куну Кыргыз Республикасынын Конституциясына озгортуу киргизуу тууралуу Референдум болуп отот.
Урматтуу мекендештер!
Эсиниздерге салабыз, 2016 жылдын 11 декабр куну Кыргыз Республикасынын Конституциясына озгортуу киргизуу тууралуу Референдум болуп отот.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде шайлоо участогу ачык болот.
Мыйзамга ылайык, Корея Республикасынын аймагында жашап жаткан Кыргызстандык жарандар добуш берууго укугу бар, БИРОК БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТТАРЫН ТАПШЫРГАН ЖАНА КОНСУЛДУК КАТТООСУ БАР ЖАРАНДАР КАНА ДОБУШ БЕРУУГО УКУКТУУ!
Эгер сиздер биометрикалык маалыматтарыныздарды Кыргыз Республикасынын аймагында тапшырган болсонуздар, бирок азыркы тапка Кореяда болсонуздар, сиздер ушул жылдын 24 ноябрына чейин, консулдук каттоого туруп жана 11 декабр куну добуш берууго мумкунчулук алуу учун тийешелуу арыз жазышыныздар керек.
Эгер сиздер жакынкы арада консулдук каттоого турган болсонуздар (2016 жылдын аралыгында), бирок биометрикалык маалыматтарыныздарды тапшыра элек болсонуздар, сиздер шашылыш турдо ушул жылдын 24 ноябырына чейин добуш берууго мумкунчулук алуу учун Элчиликке келип биометрикалык маалыматтарыныздарды тапшырышыныздар керек.
Консулдук каттоого турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар Референдумга катыша алышбайт.
Озунуздорду шайлоо тизмесинен ушул сайттан тактап алсаныздар болот: WWW.SHAILOO.SRS.KG.
Баардык суроо талаптар боюнча алдыдагы телефон номер аркылуу Элчиликке кайрылсаныздар : 02)379 09 51/2
Урматтуу мекендештер! 2016 жылдын 11 декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына озгортуу киргизуу тууралуу Референдум болуп отот.
Урматтуу мекендештер!
2016 жылдын 11 декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына озгортуу киргизуу тууралуу Референдум болуп отот.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде добуш беруу участогу ачык болот.
Добуш беруу 2016 жылдын 11 декабр куну Сеул убактысы боюнча танкы саат 08:00 баштап кечки саат 20:00 чейин болуп отот.
Референдумда тизмеде бар кана жарандар Элчиликке келип добуш бере алышат.
Бул тизме Элчиликтин консулдук учетунда турган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси.
Суранабыз, кылдаттык менен тизмени карап чыгыныздар.
Эгер сиздер озунуздорду тизмеден тапкан болсонуздар, 2016 жылдын 11 декабр куну ото туран Референдумга катышууга чакырабыз.
Баардык суроо талаптар боюнча Элчиликке алдынкы телефон номер аркылуу кайрылыныздар болот : 02-379-0951/2
Урматтуу кыргызстандыктар! 2016-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин Сеул шаарында «Colors of Kyrgyzstan (Кыргызстандын тустору, Оттенки Кыргызстана) кѳргѳзмѳсү ѳтүп жатат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
2016-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин Сеул шаарында «Colors of Kyrgyzstan (Кыргызстандын тустору, Оттенки Кыргызстана) кѳргѳзмѳсү ѳтүп жатат.
Өткѳрүү жайы: Индок университетинин кѳркѳм музейи /인덕대학교 아정미술관
Дареги: 서울특별시 노원구 초안산로 12
Өткѳрүү убактысы: 2016-жылдын 15 – 24 декабры / cаат 10:00 дон 18:00 чейин.
Урматтуу кыргызстандыктар, ардактуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Урматтуу кыргызстандыктар, ардактуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаңы жыл жерибизге береке, молчулук, тынчтык жана ынтымак алып келсин, ар бир кыргызстандык үй-бүлѳдѳ чың ден соолук, бакыт-таалай жана жетишкендиктер болсун. 2017-Жаңы жылыбыз алдыга койгон максаттар, жаңы ийгиликтер ишке ашкан, үмүт-тилектерибиз кабыл болгон жылдардан болсун.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт таалай жана жаркын маанай каалаймын, үй-бүлѳңүздѳрдѳ дайыма жакшылык, бейпилчилик, бакыт жана сый-урмат болсун.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!
Терең урматтоо менен,
Аскар Бешимов,
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси
2017-жылдын 16-январында «Манас» эл аралык аэропортунун айланасында жайгашкан айылдардын бирине “Боинг-747” жүк ташуучу учагынын кулап түшүшүнөн улам каза тапкан жарандарыбызды эскерүү максатында Кыргыз Республикасынын Корей Республикасындагы Элчилигинде мезгилдерде дипломатиялык корпус үчүн Көңүл айтуу китеби ачылды
2017-жылдын 16-январында «Манас» эл аралык аэропортунун айланасында жайгашкан айылдардын бирине “Боинг-747” жүк ташуучу учагынын кулап түшүшүнөн улам каза тапкан жарандарыбызды эскерүү максатында Кыргыз Республикасынын Корей Республикасындагы Элчилигинде (Seoul Yongsan-gu Dongbinggo-
dong 28-17 서울 용산구 동빙고동 28-17) мезгилдерде дипломатиялык корпус үчүн Көңүл айтуу китеби ачылды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына так келгендиктен «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык регистрациалоо тууралуу» бүткүл Кыргыз Республикасынын жарандары, жашы 16-жашка жеткен, биометрикалык маалыматын тапшыруусу керек
Урматтуу мекендештер!
Эсиңиздерге салабыз, Кыргыз Республикасынын мыйзамына так келгендиктен
«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык регистрациалоо тууралуу» бүткүл Кыргыз Республикасынын жарандары, жашы 16-жашка жеткен, биометрикалык маалыматын тапшыруусу керек.
Кыргыз Республикасынын конституциясынын 50-статьясынын 1-пунктуна
так келгендиктен. Кыргыз Республикасынын жараны өзүнүн жарандык күчү менен тапшырууга укуктуу жана жоопкерчиликтүү.
Биометрикалык маалыматарды тапшыруу- жарандык жоопкерчиликтердин бири, бундан нары мамлекет жаранга жатыйлалуу жана сапатуу жарадын укуктарын ишке ашыруусуна кам көрө алат, мамлекеттин кызматтарын алууда, коопсуздук, адилетүү жана таза шайлоо.
Биометрикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде дүйшөмбүдөн карата жума күндөрү
саат 9.00-18.00 чейн келип тапшырсаңыздар болот.
Жаныңызда алып келүүчү документ, Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту (ID-card), болбосо жалпы жарандык паспорт(загранпаспорт).
Биометрикалык маалыматтарды жыйноо акысыз.
Элчиликтин дареги: Seoul, Yongsan-gu, Donbingo-dong 28-17
Келе жаткан майрам жана эс алуу кундоруно байланыштуу, Элчилик 23-февралда жана 8-мартта иштебейт. 1-март – Элчиликте иш кун.
Келе жаткан майрам жана эс алуу кундоруно байланыштуу, Элчилик 23-февралда жана 8-мартта иштебейт.
1-март – Элчиликте иш кун.
2017-жылдын 28-февралында Кореянын Маданият, спорт жана туризм Министрлигинин алдындагы Корея бейсбол ассоциациясы менен Кореяда жашап жаткан мультимаданият коомчулуктары, ошону менен бирге кыргызстандык уй-булолор учун оспурумдор бейсбол командасын тузуудо кызматташуу тууралуу Келишим тузулду.
2017-жылдын 28-февралында Кореянын Маданият, спорт жана туризм Министрлигинин алдындагы Корея бейсбол ассоциациясы менен Кореяда жашап жаткан мультимаданият коомчулуктары, ошону менен бирге кыргызстандык уй-булолор учун оспурумдор бейсбол командасын тузуудо кызматташуу тууралуу Келишим тузулду.
Азыркы учурда Сеул шаарында жана Сеулга жакын аймактарда жашаган мультимаданият уй-булолорунун 12 ден 16 жашка чейинки (башталгыч мектептин 3-6 класстары) балдарын бейсбол командасына каттоо журуп жатат.
- Ата-энесинин бироосу, же экоо тен Кыргызстандан болуш керек
- Бейсбол сабактары БЕКЕР откорулот.
- Бейсбол ойноо учун керектуу бардык шаймандар бекер берилет.
Каттоо мооноту: 2017-жылдын 31-мартына чейин
Бардык суроолор боюнча Корея бейсбол ассоциациясынын кызматкери Чон Донг Джу мырзага кайрылсаныздар болот. Телефон номерлери: 02-749-0101, 010-3451-8788
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимовдун Нооруз майрамы менен куттуктоо созү
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимовдун Нооруз майрамы менен куттуктоо созү
Урматтуу мекендештер!
Келе жаткан Нооруз жаз майрамы менен сиздерди чын жүрѳктѳн куттуктаймын. Бул майрам рухий жанылануу, кайра жаралуу, жакшылыкка болгон үмүттѳрдү жана жаңы, жагымдуу ѳзгѳрүүлѳрдү белгилейт. Буга байланыштуу, кыска тарыхий убакыттын ичинде суверендүү Кыргызстан чоң жана оор жолду басып ѳтүп, мамлекеттиктин түзүлүшүндѳ бир топ ийгиликтерге жеткендигин белгилеп кетким келет.
2017-жылдын Нооруз майрамы Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орноосунун 25 жылдыгы менен дал келип калгандыгына кубанычтамын. Бул убакыттын ичинде эки ѳлкѳнүн ортосунда ѳнѳктѳштүк жана ишенимдүү мамилелерди кура алдык. Эки ѳлкѳнүн элин жалпы демократиялык баалуулуктар бириктирип, бири бирин урматтоо жана кызматташуу байланыштырып турат. Түштүк Корея биздин мамлекет кѳз карандыкты алаары менен алгачкылардан болуп Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелерди түзгѳн мамлекеттердин бири экендиги дайыма эсибизде.
Мамлекет аралык карым-катнаштардын орноосуна 25 жыл толгон ушул учурда, эки ѳлкѳнүн ортосунда соода-экономика, билим берүү, маданият, медицина тармактарында ийгиликтүү ѳнѳктѳштүк жѳнгѳ салынгандыгын айткып кетким келет.
Корея Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ Кыргыз Республикасына кѳргѳзгѳн жаңы реформаларды ѳткѳрүү жана ѳлкѳнүн демократиялык негиздерин түптѳѳдѳ чоң салым кошкон жардамы үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.
Кымбаттуу мекендештер, ушул жаз күнүндѳй жаркыраган Нооруз майрамында баардыгыныздарга чың жүрѳктѳн бекем ден-соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана ар бириниздердин уй-бүлѳңүздѳргѳ жакшылыктарды, аруу тилектерди каалайм.
Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келгендиктен «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык регистрациалоо тууралуу» жашы 16-жашка жеткен бүткүл Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматын тапшыруусу зарыл экендигин эсиниздерге салабыз.
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келгендиктен «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык регистрациалоо тууралуу» жашы 16-жашка жеткен бүткүл Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматын тапшыруусу зарыл экендигин эсиниздерге салабыз.
Ошондой эле, 2017-жылдын 26-март күнү (жекшемби) Кёнгидо Хвасонг Самсонгджонджаро 1 спорт аянтчасында «Жазгы оюн-зоок» программасы ѳтүп жаткан учурда биометрикалык маалыматтарды тапшырууга болот экендигин маалымдайбыз.
• Жаныңызда алып келүүчү документ: Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту (ID-card), болбосо жалпы жарандык паспорт (загранпаспорт).
Биометрикалык маалыматтарды жыйноо АКЫСЫЗ.
Урматтуу мекендештер! Корея жарым аралындагы кырдаал Элчилик тарабынан тынымсыз байкоого алынып, тиешелуу маалымат Кыргызстанга жиберилип жатат.
Урматтуу мекендештер! Корея жарым аралындагы кырдаал Элчилик тарабынан тынымсыз байкоого алынып, тиешелуу маалымат Кыргызстанга жиберилип жатат. Америка Кошмо Штаттары менен Тундук Кореянын ортосундагы аскерлик кыймыл-аракеттердин болуп кете тургандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттарында ар кандай ой пикирлер айтылып жатат. Бирок азырынча тынчсызданып, кандайдыр бир конкреттик кадамдарды жасоого негиз жок. Жагдайдын озгоруу мумкунчулуктору пайда болгон учурда Элчилик тарабынан ыкчам турдо кыргызстандыктарга кайрылуу жасалат жана тиешелуу иш аракеттер жургузулот.
Кыргызстан 2007-жылдан бери EPS (Корея Республикасына жумушчуларды жѳнѳтүү системасы) системасына мүчѳ экендигине карабастан, кыргызстандык жумушчулар үчүн иш контракттары аз келет.
Кыргызстан 2007-жылдан бери EPS (Корея Республикасына жумушчуларды жѳнѳтүү системасы) системасына мүчѳ экендигине карабастан, кыргызстандык жумушчулар үчүн иш контракттары аз келет. Негизги себептердин бири болуп, кореялык иш берүүчүлѳрүнүн Кыргызстан жана кыргызстандык мигранттар тууралуу маалыматы ѳтѳ аз экендиги болуп саналат (жумуш берүүчүлѳр жумушчуларды ѳздѳрү тандашат).
Буга байланыштуу, Элчилик Кыргызстан, кыргызстандык жумушчулар жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматы тууралуу агитациялык маалыматты камтыган сапаттуу буклет чыгарды. Бул буклеттер потенциалдык иш берүүчүлѳр – Кореянын кичи жана орто ишканаларына таратылат.
2017-жылдын 22-24 май аралыгында чет-ѳлкѳлүк жарандарга БЕКЕР юридикалык консультация ѳткѳрүү
2017-жылдын 22-24 май аралыгында чет-ѳлкѳлүк жарандарга БЕКЕР юридикалык консультация ѳткѳрүү
Урматтуу мекендештер!
Корея Республикасынын Иммиграция кызматынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 22 (дүйшѳмбү) – 24 (шаршемби) – май аралыгында Кореянын Иммиграция кызматынын 15 аймактык офистеринде тиешелүү адвокаттар жана юристтер тарабынан (91 адам) Кореяда жашап жаткан чет ѳлкѳлүк жарандар жана мультимаданият үй-бүлѳлѳргѳ бекер юридикалык консультациялар берилет.
Бул акция Кореянын чет ѳлкѳлүктѳргѳ тең укуктуу мамиле жасоо тууралуу мыйзамынын алкагында «Together Day-10» мааракесине арналган.
□ Качан? : 22-(дүйшѳмбү)~24-(шаршемби) –май, 2017-ж.
□ Кайсы жерде? : Кореянын Иммиграция кызматынын 15 аймактык офистеринде (алдыдагы тизмеде даректер бар)
□ Ким бекер консультация ала алат?
○ Кореялыктар менен никеге тургандар, эмгек мигранттары, чел-олколук студенттер
□ Консультациялар кайсы сфераларда берилет?
○ Үй-бүлѳ укугу, үйдү арендага алуу, карыз маселелери, жарандык укук, кылмыш кодекси, эмгек маянасын ала албай жүргѳн эмгек мигранттары жана башка эмгек миграцияга байланышкан маселелер
САЙТ: https://www.immigration.go.kr
Иммиграция кызматынын регионалдык офистеринин тизмести
Офис | Телефон | Дареги |
Сеул | 02-2650-6217 | (08013) 서울특별시 양천구 목동동로 151 |
Пусан | 051-461-3084 | (48940) 부산광역시 중구 충장대로 20 |
Инчон | 032-890-6411 | (22306) 인천광역시 중구 서해대로 393 |
Сувон | 031-695-3821 | (16705) 경기도 수원시 영통구 반달로 39 |
Чеджу | 064-741-5446 | (63158) 제주특별자치도 제주시 용담로 3 |
Тэгу | 053-980-3558 | (41143) 대구광역시 동구 동촌로 71 |
Тэджон | 042-220-2190 | (34812) 대전광역시 중구 목중로 26번길 7 |
Ёсу | 061-689-5516 | (59638) 전남 여수시 무선로 265 |
Янгджу | 031-828-9311 | (11443) 경기도 양주시 평화로 1475번길 23 |
Ульсан | 052-279-8029 | (44691) 울산광역시 남구 돋질로 86 삼호빌딩 2층 |
Квангджу | 062-605-5210 | (61969) 광주광역시 서구 상무대로 911번길 22 |
Чанвон | 055-981-6021 | (51716) 경남 창원시 마산합포구 제2부두로 30 |
Чунчон | 033-269-3215 | (24408) 강원도 춘천시 동내면 사암길 12 |
Чонгджу | 043-235-4905 | (28365) 충북 청주시 흥덕구 비하로 12번길 52 |
Чонжу | 063-249-8603 | (54903) 전북 전주시 덕진구 동부대로 857 |
Легалсыз мигранттар үчүн миграциялык амнистия (депортациялоосуз өлкөдөн чыгып кетүү) жарыяланды!
Легалсыз мигранттар үчүн миграциялык амнистия (депортациялоосуз өлкөдөн чыгып кетүү) жарыяланды!
Корея Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан легалсыз (уруксат болгон мөөнөттөн ашык) Кореянын территориясында жүргөн жарандар өз ыктыяры менен, депортациялоосуз жана мындан ары кирүүсүнө тыюусуз өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Аталган акция 2017-жылдын 10-июлунан баштап 2017-жылдын 10-октябрына чейин 3 айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Ушул мөөнөттө Кореянын территориясында легалсыз жүргөн Кыргызстандын жарандары өз ыктыяры менен мекенине чыгып кете алат. Бул учурда
- Кореяда мыйзамсыз жүргѳндүгүнѳ 5 жылга жетпегендерге айып (штраф) санкциялары колдонулбайт жана Кореяга кийинки кирүүсүнө тыюу (депортация) салынбайт.
– Кореяда мыйзамсыз жүргѳндүгүнѳ 5 жылдан ашкандарга мындан кийинки кирүүсүнө 1 жыл гана тыюу (депортация) салынат.
Мындан тышкары, Кореянын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, аталган акция бүтѳѳрү менен Кореянын Миграция кызматы, Эмгек министрлиги жана Улуттук полиция агенттигинин биргелешкен чоң масштабдуу күчөтүлгөн рейддери жүрѳт.
- Легалсыз мигранттар кармалган учурда Кореядан токтоосуз депортацияланып, канча убакыт бою легалсыз жүргөндүгү менен көз карандысыз, 5 жыл мөөнөттөн ашык Кореяга кайра келүүгө тыюу салынат.
- Өз ыктыяры менен Кореядан чыгып кетип, Бишкектеги Кореянын Элчилигинен кезектеги визаны алуу менен, легалдык (мыйзам) түрдө, ошону менен бирге EPS системасы (виза Е-9) менен, эч тоскоолсуз Кореяга кайра кире алат.
- Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кореянын территориясында легалсыз (уруксат берилген мөөнөттөн ашык) жүргөн Кыргызстандын жарандарын берилген ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өз каалоосу менен Кыргызстанга кайтууга чакырат. Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Корея Республикасында легалсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 1000 ден ашат.
- Кореядан өз ыктыяры менен чыгып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө авиабилети жана жарактуу болгон паспорту, же болбосо Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүгү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө эң жок дегенде 3 саат калганда Инчхон эл аралык аэропортунундагы Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө келүүсү зарыл.
- Өз ыктыяры менен чыгып кетүү акциясы мындан кийинки Кореяда жүрүүсүн легализациялап, Корея Республикасында мыйзамдын негизинде эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүсүнө жакшы мүмкүндүк түзөт.
- Толук маалымат алуу үчүн Кореянын Миграция кызматынын суроолор борборуна 1345 кыска номери аркылуу кайрылууга болот.
Инчхон аэропортундагы Миграциялык офисинин телефону : 032-740-7391(2).
Ошондой эле, бардык суроолор боюнча Кореядагы Кыргызстандын Элчилигине төмөнкү номер менен кайрылсаңыздар болот: 02-379-0952.
Үстүбүздѳгү жылдын 24-25 августунда Бишкек шаарында илбирс жана анын экосистемасын коргоо боюнча Эл-аралык форум ѳтѳт.
Үстүбүздѳгү жылдын 24-25 августунда Бишкек шаарында илбирс жана анын экосистемасын коргоо боюнча Эл-аралык форум ѳтѳт.
Боло турган КРнын Президенттик шайлоого катышуу жѳнундѳ маанилүү маалымат
Боло турган КРнын Президенттик шайлоого катышуу жѳнундѳ маанилүү маалымат
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча Элчиликте иш улантылып жатканын билдиребиз.
Ушуга байланыштуу КРнын биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандары болсо дуйшѳмбүдѳн жумага чейин саат 09:00-12:00 го чейин Элчиликке келип тапшырсаӊыздар жана ошондой эле консулдук каттоого бекер турсаӊыздар болоорун билдиребиз.
Консулдук каттоосу жок бирок биометрикалык каттоодон ѳткѳн жарандарга (айырмасы жок Кыргызстандан же Элчиликтен) дагы бекер консулдук каттоого тура алышаарын билдиребиз.
Элчиликтин консулдук каттоосуна туруп жана ошондой эле биометрикалык маалыматтарды тапшырып анан гана Корея Республикасындагы Кыргызстандын Элчилигинде боло турган Президенттик шайлоодо добуш бере аларынызды эскертебиз.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги.
Урматтуу кыргызстандыктар, ардактуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү менен дилимден куттуктайм!
Урматтуу кыргызстандыктар, ардактуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү менен дилимден куттуктайм!
Ѳлкѳбүздүн жаркын келечеги жана өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн. Мамлекетибизде ар дайым ынтымак, биримдик, туруктуулук болуп, жергебизде эркиндиктин жана тынчтыктын туусу желбирей берсин!
Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт таалай жана жаркын маанай каалаймын!
Урматтоо менен,
Атай Наматбаев,
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү ѳкүлү
Урматтуу мекендештер! 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болот. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде добуш берүү участогу ачылат.
Урматтуу мекендештер!
2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болот.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде добуш берүү участогу ачылат.
Мыйзамга так келгендиктен, Корея Республикасынын аймагында жургон Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө укуктуу, БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТЫНЫЗДЫ ТАПШЫРГАНДАН КИЙИН жана КОНСУЛДУК УЧЕТУҢУЗ БАР БОЛСО добуш бере аласыз.
Ушуга байланыштуу, урматтуу мекендештер, эгерде биометрикалык маалыматыңызды тапшыра элек болсоңуз жана консулдук учетуңуз жок болсо, шашылыш түрдө 2017-жылдын 29-сентябрына чейин Элчилике келип кетүүңүздү суранабыз. (тел.02-379-0951/2)
Биометрикалык маалыматтарды тапшыргандыгы жѳнүндѳ тастыктоочу кагазы бар же жаңы тапшырган жарандар консулдук учетко АКЫСЫЗ алынат.
Көңүл буруңуздар, эгерде Кыргызстандын жарандары, 2017-жылдын 29-сентябрына чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болгон болсо жана консулдук учетко турбаса, ДОБУШ БЕРЕ АЛБАЙ КАЛЫШАТ.
WWW.SHAILOO.SRS.KG САЙТКА ОЗУНУЗДУ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИНДЕ ТЕКШЕРИП КОЮНУЗ.