Quantcast
Channel: Посольство Кыргызстана в Республике Корея
Viewing all 66 articles
Browse latest View live

2016-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин Башчысы Ли Джонг Иль мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып

$
0
0

photo 20160224_145626

2016-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин Башчысы Ли Джонг Иль мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, расмий түрдө өзүнүн милдеттерине киришти.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптык мамилелеринин абалы талкууланып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жана маданият-гуманитардык байланыштарынын мындан ары да ийгиликтүү өнүгүшүнө ишенээрин билдиришти.


2016-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов Кыргыз-Корея достук жана өз ара кызматташтык Ассоциясынын өкүлдөрү менен жолугушту

$
0
0

DSC_0893

2016-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов Кыргыз-Корея достук жана  өз ара кызматташтык Ассоциясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда кыргыз тарабына жалпы баасы 42,896 АКШ доллары турган “Ньюкатин” медициналык дары каражаты гуманитардык жардам катары тапшырылды. Берилген дары каражаты акыл иши функцияларынын бузулушу менен коштолгон оорулар жана улгайып калган адамдардын эске тутуу жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү учун сунушталат. Гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлүп, аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон жарандарга таратылып берилет.

 

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов Сеул искусство борбору (Seoul Art Center/예술의 전당) уюштурган каллиграфиялык жазуу боюнча атайын иш-чарага катышты

$
0
0

kalligraphy

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов Сеул искусство борбору (Seoul Art Center/예술의 전당) уюштурган каллиграфиялык жазуу боюнча атайын иш-чарага катышты. Чет өлкөлүк Элчилердин “Бириг­үү” жана “Тынчтык” деген сөздөрдүн корей жана өздөрүнүн тилдериндеги каллиграфиялык жазуулары “Корея жарым аралынын биригүүсү” аттуу көргөзмөгө коюлат. Көргөзмө 2016-жылдын 1-мартынан 24-апрелине чейин Сеул искусство борборунун (예술의 전당) Сеул каллиграфиялык музейинде өтөт.

 

Урматтуу кыргызстандыктар, кымбаттуу мекендештер!

$
0
0

скачанные файлы

Келе жаткан жазгы Нооруз майрамыныздар менен чын дилимден куттуктап, сиздерге жарык маанай каалайм.

Эзелтеден бери Нооруз адамдын жан-дүйнөсүнө жаңыланууну, тазарууну, жаңы үмүт-тилектерди, жакшылыктарды алып келген. Нооруз майрамы элибиздин бейпил жашоого жана жаркын келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди эл-жерибизге, мекенибизге болгон сүйүүгө үндөп турат. Ушул жаз күнүндөй жаркыраган Нооруз майрамында чет өлкөлөрдө жашаган бардык мекендештерге тынчтык, бакыт-таалай, бакубат турмуш, жакшы ниеттерди каалайм.

Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, далай тайгак кечүүлөрдөн өттү. Элибиз өткөөл кезеңдин бул сыноолорунан  абийир жана намыс менен чыгып, өлкөбүздө тынчтык менен туруктуулукту сактап кала алды. Бул ыйык майрам бизге ынтымакты, биримдикти, бүтүндүктү, тынчтык жана бейкутчулукту алып келишин жана Кыргызстан өз өнүгүүсүндө бийик жетишкендиктерге ээ болуусун каалайм.

 

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси

Аскар Бешимов

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин легалсыз мигранттар үчүн миграциялык амнистия (депортациялоосуз өлкөдөн чыгып кетүү) жарыялангандыгы тууралуу билдирүүсү

$
0
0

8201C956-70EC-4527-A43F-EC353A0BB7CB_w640_r1_s_cx71_cy0_cw22

Кореядагы Кыргызстандын Элчилигинин кызматкерлеринин Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Юстиция министрлиги, Эмгек жана жумуштуулук министрлигинин өкүлдөрү менен болгон бир нече ирет жолугушууларынын жыйынтыгында, 2016-жылдын 29-мартында Кореянын Миграция кызматынын жетекчилиги тарабынан легалсыз мигранттар үчүн миграциялык амнистия жарыяланды. Легалсыз (уруксат болгон мөөнөттөн ашык) Кореянын территориясында жүргөн жарандар өз ыктыяры менен, депортациялоосуз жана мындан ары кирүүсүнө тыюусуз өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Аталган акция 2016-жылдын 1-апрелинен баштап 2016-жылдын 30-сентябрына чейин 6 айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Ушул  мөөнөттө Кореянын территориясында легалсыз жүргөн Кыргызстандын жарандары өз ыктыяры менен мекенине чыгып кете алат. Бул учурда айып (штраф) санкциялары колдонулбайт жана Кореяга кийинки кирүүсүнө тыюу (депортация) салынбайт. Мындан тышкары, легалсыз мигранттар иштеген жумуш берүүчү ишканаларга айып (штраф) салынбайт.

Өз ыктыяры менен Кореядан чыгып кетип, Бишкектеги Кореянын Элчилигинен кезектеги визаны алуу менен, легалдык (мыйзам) түрдө,  ошону менен бирге EPS системасы (виза Е-9) менен, эч тоскоолсуз Кореяга кайра кире алат.

Кореядан өз ыктыяры менен чыгып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө авиабилети жана жарактуу болгон паспорту, же болбосо Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүгү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө эң жок дегенде 3 саат калганда  Инчхон эл аралык аэропортунундагы Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө келүүсү зарыл.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе – үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап легалсыз мигранттарды таап жана кармоо үчүн Кореянын Миграция кызматы, Эмгек министрлиги жана Улуттук полиция агенттигинин биргелешкен жана күчөтүлгөн рейддери жүрүп жатат. Легалсыз мигранттар кармалган учурда Кореядан токтоосуз депортацияланып, канча убакыт бою легалсыз жүргөндүгү менен көз карандысыз, 5 жыл мөөнөттөн ашык Кореяга кайра келүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары, легалсыз мигранттардын жумуш берүүчүлөрү да жоопкерчиликке тартылып, административдик айып (штраф) же кылмыш жазасына (камакка алынуу) тартылат.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кореянын территориясында легалсыз (уруксат берилген мөөнөттөн ашык) жүргөн Кыргызстандын жарандарын берилген ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өз каалоосу менен Кыргызстанга кайтууга чакырат.   Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Корея Республикасында легалсыз жүргөн  Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 1200дөн ашат. Өз ыктыяры менен чыгып кетүү акциясы мындан кийинки Кореяда жүрүүсүн легализациялап, Корея Республикасында мыйзамдын негизинде эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүсүнө жакшы мүмкүндүк түзөт.

Толук маалымат алуу үчүн Кореянын Миграция кызматынын суроолор борборуна 1345 кыска номери аркылуу кайрылууга болот.

Инчхон аэропортундагы  Миграциялык офисинин телефону : 032-740-7391(2).

Ошондой эле, бардык суроолор боюнча Кореядагы Кыргызстандын Элчилигине төмөнкү номер менен кайрылсаңыздар болот: 02-379-0952.

Тоолуу Карабахтагы учурдагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын ТИМнин Билдирүүсү

$
0
0

Кыргыз Республикасы 2016-жылдын 2-апрелине караган түнүндөгү кан төгүүлөргө, адамдардын жабыр тартуусуна жана курмандыгына алып келген Тоолуу Карабахтагы курчуган кырдаал тууралуу маалыматты терең тынчсыздануу менен кабыл алды.

Кыргызстан эки тарапты тең жалпы кабыл алынган принциптердин жана эл аралык укуктук ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен чатакты жөнгө салуу жана курчутпоо үчүн тез арада сүйлөшүүгө отурууга чакырат.

Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 5-майындагы Бишкек  протоколуна кол коюунун тарыхый тажрыйбасына таянып, талаш-тартыштарды чечүү үчүн конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууга чакырат жана саясий жактан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

 

Урматтуу мекендештер! Акыркы убактарда Кореянын Миграция кызматы тарабынан биздин жарандарды кармаганы тууралуу абдан көп маалымат түшүп келүүдө.

$
0
0

IMG_4558-2

Ар бир күнү Кореянын ар башка шаарларында Миграциялык кызматы, Эмгек Министирлиги жана Полиция агентствосу тарабынан легалсыз жүргөн жарандарды аныктап жана кармоо үчүн ыкчам аракет “рейд” жүрүүдө. Кармалган легалсыз жүргөн жарандарды, канча убакыт легалсыз жүргөндүгүнө карабастан, Корея өлкөсүнөн 5 жылдык мөөнөткө депортация кылынып кирүүгө тыйуу салынат.

Ушуга байланыштуу, эсиңиздерге саламын, урматтуу мекендештер, 2016-жылдын 1-апрелинен тарта 2016-жылдын  30-сентябрына чейин 6 айдын ичинде тоскоолсуз, депортациясыз жана штрафы жок Кыргызстанга чыгып кетсеңиз болот. Бул менен бирге сиздер тууралуу маалымат «кара тизме»ге кирбейт, кайра башынан корей визасын алганыңыздардан кийин, кайтадан Кореяга легалдуу келип окуп иштеп кетсеңиздер болот. Урматтуу мекендештер мүмкүнчүлүк менен пайдаланууга чакырам, мекенибизге барып, тууган уруктар менен көрүшүп, күч кубат алып кайра башынан мыйзамдуу жол менен Кореяга келүүңүздөргө тилектешмин.

Толук маалымат алуу үчүн Кореянын Миграциялык кызматынын маалымат борборуна алдыдагы уйулдук номери аркылуу кайрылсаңыздар болот: 1345

Инчхон аэропортунун Миграциялык офисинин телефону: 032-740-7391(2).

Жана башка суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчигине кайрылсаңыздар болот: 02-379-0952.

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Элчигинин Консулу

Азиз Кыштобаев

Урматтуу мекендештер!

$
0
0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 3,4 май иш күндөрү 30-апрель жана 7-май күндөрүнө которулду. Ошондуктан дем алуу күндөрү  2016-жылдын  2-майдан тарта 5-майга чейин  жарыяланды.

Ушуга байланыштуу Элчиликке келүүңүздөрдү алдын ала пландаштырууңуздарды суранабыз.


2016-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси А.Бешимов жубайы менен Корея маданият борборлорунун ассоциациясы тарабынан уюштурулган Улуттук костюмдардын фестивалына катышты

$
0
0

DSC_0307 DSC_0144

2016-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси А.Бешимов жубайы менен Корея маданият борборлорунун ассоциациясы тарабынан уюштурулган Улуттук костюмдардын фестивалына катышты. Фестивалга 40 жакын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен кызматкерлери катышып, өздөрүнүн улуттук кийимдерин көргөзүп жана атайын даярдалган корея улуттук костюму “ханбок” кийип салтанат менен өтүштү.

2016-жылдын 8-майында дипмиссиянын Башчысы А.Бешимов жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Улуу Ата-мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу майрамга катышты

$
0
0

IMG-20160511-WA0001

2016-жылдын 8-майында дипмиссиянын Башчысы А.Бешимов жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Улуу Ата-мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу майрамга катышты. Маараке Россия Федерациясынын Корея Республикасындагы   Элчилигинин колдоосунда өтүп, майрамдын алкагында “Өлбөс полк” акциясы менен майрамдык концерт тартууланды.

Үстүбүздөгү жылдын 26-майында Ульсан эң ири өнөр-жай шаарында чет өлкөлүк жарандарга жумушка орношууга уруксаат берүү системасы (EPS) боюнча конференция болуп өтүп

$
0
0

hrd 1 4

Үстүбүздөгү жылдын 26-майында Ульсан эң ири өнөр-жай шаарында чет өлкөлүк жарандарга жумушка орношууга уруксаат берүү системасы (EPS) боюнча конференция болуп өтүп, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси А.Бешимов катышты.  Конференция аталган программаны мындан аны өнүктүрүүнүн келечек пландарына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн Кореянын Эмгек ресурстарын өнүктүрүү кызматы (HRD Korea) тарабынан уюштурулду.

HRD Korea уюмунун Президенти  Пак Ёнг Бомдун куттуктоо сөзүнөн кийин жумушчу күчтөрүн жөнөтүүчү 16 өлкөнүн Элчилери  чыгып, EPSти мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүн жолдору жана перспективалары боюнча өздөрүнүн көз-караштары жана сунуштары менен бөлүштү.

Ошондой эле катышуучулар жумушка орноштуруу жана жумушчуларды башкаруу процессинин азыркы көрүнүшү жана көп  кезигишкен актуалдык проблемаларын талкуулашты. Элчилер тарабынан маалымат алмашуу каналдарын жакшыртып жана мыктылоо, Кореяда мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарынын санын кыскартуу, жумушчулардын жаш чектерин 39 жаштан 45 жакша чейин көбөйтүү, мигранттардын эмгек ишкердүүүгүн жакшыртуу үчүн кошумча жагымдуу шарттарды түзүү сыяктуу суроолор боюнча ар кандай сунуштар тартууланды.

А.Бешимов HRD Korea кызматынын жетекчилигин көңүлүн кыргызстандык жумушчуларга эмгек контракттары аз келип жаткандыгына байланыштуу маселелерге бурду. Контракттардын көбөйүшүнө жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттары иштей ала турган жумуш тармактарын кеңейтүүдө көмөк көргөзүүнү суранды.

Андан соң, катышуучу өлкөлөр мындай сыяктуу конференция жана семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүү идеясын бир добуштан жакташты. Конференция алкагында катышуучулар үчүн бүт дүйнөгө белгилүү “Хьюндай” корей концернинин өндүрүштүк объектилери, кеме жана автомобиль куруу заводдоруна экскурсия уюштурулду.

Корея өндүрүштүк жумуш күчтөрүн өнүктүрүү кызматы (HRD Korea) тарабынан өткөрүлүп жаткан чет элдик жумушчулар үчүн тренинг программалары

$
0
0
  • _talkm_oWnVLATbt5_hpMI5fkK7X4NjbkK5xGXvK_i_twk8lk8tjbj
  • Кореяда эмгектенип жаткан кыргызстандык жумушчулар үчүн -

“Кесиптик деңгээлин мыктылоо” окуу тренингине катышуу

тууралуу маалымат

  1. Долбоордун максаты

EPS системасы боюнча (чет өлкөлүк жарандарга ишке орношууга уруксаат берүү системасы) E-9 виза статусундагы Кореяда эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жумушчулардын кесиптик ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана иш шарттарына, жумушка көнүүсүн жогорулатуу

  1. Окуу тренингине ким катыша алат?

ESP системасы боюнча Кореяга келип, ишканаларда эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жумушчулар (виза E-9), 1500 адам

  1. Тренингдин мөөнөтү

2016-жылдын апрель  ~ декабрь айлары  (төмөндө көрсөтүлгөн)

Окуу мөөнөтү: 48 саат, бир күндө 6-8 саат

Тренинг дем алыш күндөрү өткөрүлөт.

4.Тренингге керектүү чыгашалардын бөлүнүп берилиши

  • Тамак-ашка керектүү чыгаша – катышуучулар үчүн (1 жолку тамакка 6,000 вон) төлөнүп берилет.
  • Жол кире (1 жолкуга 2,500)
  1. Катышуу жолдору: жогоруда көрсөтүлгөн окуу борборлору менен байланышып, сурап билип, катышууга билдирме берүү

 

Филиалдын аты Мөөнөтү Тренингдин аты Катышуучулардын саны Тренигди өткөрө турган органдын аты Адреси  Телефону 
Чжунгбу филиалы 20 ноябрга чейин автожүктөгүчтү айдоо 50 Инчон тренинг борбору 인천 중구 서해대로 353 032 885-8011
экскаваторду иштетүү 50
14 августка чейин станоктор менен кесүү иштери 50 Чжинсонг кесиптик лицейи 인천 남동구 문화로 133번길 14 032-817-1355
28 августка чейин сварка 50 Ёллин кесиптик лицейи 경기도 시흥시 마유로 418번길 18 031-497-2800
4 декабрга чейин машине оңдоо 75 Ссангёнг кесиптик лицейи 인천 남동구 예술로 436번길 49 032-446-8607
Кёнгги филиалы 25 сентябрга чейин электричество 50 Аньянг электрдик, техникалык окуу борбору 경기도 안양시 만안구 안양로 314 031-442-4245
21 августка чейин сварка 50 Хвасонг кесиптик лицейи 경기도 화성시 떡전골로 122 031-234-5588
Кёнгги тонгбу филиалы 18 декабрга чейин Оор техникаларды башкаруу 150 Грин кесиптик лицейи 경기도 성남시 수정구 시민로 138 031-797-5004
Тэджон филиалы 30 октябрга чейин Сваркалоонун өзгөчө түрү 50 Сваркалоо окуу борбору 충남 천안시 서북구 늘푸른 3길 37 041-554-9550
31 июлга чейин Оор техникаларды башкаруу 25 Тэхан оор техника айдоо борбору 대전 중구 대종로 9-31 042-673-2003
Тэгу филиалы 25 сентябрь ~ 6 ноябрь станоктор менен кесүү иштери 25 адам Кёнгджу кесиптик лицеи 경북 경주시 천북면 천북로 78-9 054-742-8595
6 ноябрга чейин автожүктөгүчтү айдоо 75
31 июлга чейин электричество 50 Ёнгнам техникалык билим борбору 대구시 달서구 달구벌대로 251안길 11 053-427-3313
 

 

 

 

 

Квангджу филиалы

14 август – 25 сентябрь автожүктөгүчтү айдоо 25 адам Квангджу оор техникаларды айдоону үйрөтүү борбору 광주 광산구 하남지실길 46-2 -062-382-3330
9 октябрь–27 ноябрь көмүр кычкыл газда сваркалоо 25 адам Тэсонг кесиптик лицеи 광주 북구 동운로 96 062-513-5000
13 ноябрга чейин Экскваторду башкаруу 50 Квангджу оор техникаларды айдоону үйрөтүү борбору 광주 광산구 하남지실길 46-2 -062-382-3330
25 сентябрь – 30 октябрь Сваркалоонун өзгөчө түрү 25 адам Чонбук жумушчуларды даярдоо борбору 전북 군산시 동장산로 119 063-472-2522
25 сентябрь – 30 октябрь оор техникаларды (жүктөгүч, экскаваторду)иштетүү 25 адам Чонбук жумушчуларды даярдоо борбору 전북 군산시 동장산로 119 063-472-2522
Пусан филиалы 6 ноябрга чейин сварка 75 Ёнгджин кесиптик лицейи 경남 김해시 김해대로 2400길 88 055-338-9060
13 ноябрга чейин сварка 100 Хансанг кесиптик лицейи 부산시 사상구 괘법동 271-1 051-312-9200
31 июлга чейин сварка 50 Янгсан кесиптик лицейи 경남 양산시 북안북 4길 19-1 055-372-1127
31 июлга чейин сварка 25 Пусае сваркалоо кесиптик лицейи 부산시 부산진구 서전 47길 25 051-806-3388
Кенгнам филиалы 6 ноябрга чейин Машине оңдоо 150 Донгвон илимий техникалык институту 경상남도 양산시 명곡로 321 055-370-8345

 

Кыргызстанга кайтып кетүү мөөнөтү жакындаган жумушчулар үчүн

“Корей тили” окуу тренингине катышуу

тууралуу маалымат

1.Долбоордун максаты

EPS системасы боюнча E-9 виза статусунда Кореяда эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жумушчулардын ичинен эмгек мөөнөтү аяктап, өз өлкөсүнө кайтып кетүүгө даярданып жаткан жумушчуларга корей тилин өздөштүрүүсүн жакшыртуу жана өз өлкөсүнө кайтып барган учурда жакшы орун алуусуна көмөктөшүү

2.Окуу тренингине ким катыша алат?

ESP системасы боюнча Кореяга келгенине 3 жылдан ашык өткөн  чет өлкөлүк жумушчулар (виза E-9) жана EPS системасы боюнча экинчи жолу Кореяга кайра келген чет өлкөлүк жумушчулар (виза E-9), 600 адам

  1. Тренингдин мөөнөтү

2016-жылдын апрель ~ ноябрь айлары  (төмөндө көрсөтүлгөн)

Тренингдин максаты: Корей тили тестинин ТОPIK 3- деңгээли сертификатын алуу

  • Бул окуу курсуна TOPIK 3 – деңгээлинен өйдө деңгээлге жетишкендер кабыл алынбайт.

Окуу мөөнөтү: 52 саат, бир күндө 3-4 саат

Тренинг дем алыш күндөрү өткөрүлөт.

  1. Тренингге керектүү нерселердин берилиши
  • Окуу материалы
  • Жеңил тамак (간식)
  1. Стимул

Бул окуу курсун аяктагандан кийин корей тили TOPIK 3 деңгээлинен тест бергендерге тестке катышуу үчүн керек болгон 24 доллар төлөмүнөн бошотулат жана жумушчулардын өлкөлөрүндөгү корей ишканаларына ишке кирүүгө көмөк көргөзүлөт.

  1. Катышуу жолдору

Жогоруда көрсөтүлгөн окуу борборлору менен байланышып, сурап билип, катышууга билдирме берүү

 

 

Жооптуу орган Мөөнөтү Окуу курсунун аты Катышуучулардын саны Борбордун аты Адреси Телефону
Түндүк Кёнгги филиалы 13  ноябрга чейин Корей тилинен тестTOPIК3- деңгээл 25 адам Ыиджонгу борбору 경기 의정부시 경의로 94 (의정부동) 070-4912-7014
Кёнгнам филиалы  13  ноябрга чейин TOPIК3- деңгээл 50 Чангвон борбору 경남 창원시 마산합포구 3.15 대로 203 055-253-5273
Түштүк Сеул филиалы 13  ноябрга чейин TOPIК3- деңгээл 25 адам Корея борбору 서울 구로구 남부순환로 1291 (가리봉동) B동 02-6900-8223
Чжунгбу фиалиалы 13  ноябрга чейин TOPIК3- деңгээл 25 адам Инчон борбору 인천 남동구호구포로 220 논현동) 070-4423-7264
Тэджон филиалы 13  ноябрга чейин TOPIК3- деңгээл 50адам Чонан борбору 충청남도 천안시 서북구 성정공원5로 21 (성정동1300) 스카이빌딩 4 층 041-411-7006
Тэгу филиалы 13  ноябрга чейин TOPIК3- деңгээл 50 адам Тэгу борбору 대구 달서구 성당로 215 두원메디컬 빌딩 6층-7층 053-654-9207
Кваннгджу филиалы 13  ноябрга чейин TOPIК3- деңгээл 50 адам Квангджу борбору 광주 광산구 풍영로 145번길 82 일흥아르디움빌딩 2 층 070-4919-0288
Пусан филиалы 13  ноябрга чейин TOPIК3- деңгээл 50 адам Кимхэ борбору 경남 김해시 가락로 81 (서상동) 아이조이빌딩 6 층 055-338-2727

 

 

2016-жылдын 30-июлунда Корея Республикасынын Сувон шаарынын мэриясынын имаратында белгилүү төкмө акын, манасчы, музыкант жана маданият ишмери Азамат Болгонбаев жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, популярдык эстрада ырчысы Сыймык Бейшеевдин катышуусунда концерт болуп өттү.

$
0
0

DSC_0739 DSC_0732 DSC_0725 temp_1470018839896.1146353107

Бул маараке Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият жылына арналып, Кореяга болгон сапар Кыргызстандагы “Евразия диалогу” коомдук уюму тарабынан уюштурулду. Бул уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири жана ардактуу Төрагасы Ч.Айтматов болгон.

Концерт Кореядагы кыргыз диаспораларынан активисттери, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги жана Сувон шаарынын Мэриясынын колдоосунда өттү.

Концерт Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси А.Бешимов жана Сувон шаарынын мэри Ём Тэ Ёнг мырзанын куттуктоо сөздөрү менен башталды. Азамат Болгонбаев көрүүчүлөрдү өзүнүн  төкмө акындык өнөрү менен кубандырып, Сыймык Бейшекеевдин аткаруусунда популярдуу кыргыз эстрада ырлары жаңырды.

Майрамдык концерттин алкагында “Евразия диалогу” коомдук уюму тарабынан тартылган өлкөдөгү тынчыкты, биримдикти сактоого жана этностор аралык мамилелерди бекемдөөгө чакырган социалдык видео-роликтер көрсөтүлдү.

Кореянын ар түрдүү шаарларында жашап жана эмгектенген кыргызстандыктар концерте катышып, ошондой эле корея коноктору кыргыз музыкасына жана концерттин шаңдуу атмосферасына күбө болушту.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну – 2016 тууралуу макалалар “The Korea Post” жана “Seoul city” журналдарына корей жана англис тилдеринде жарыяланды. Аталган журналдар бир айда бир жолу чыгат жана Кореяда улуттук саясат, экономика, соода, тышкы саясат, , илим, маданият, саякат жана башка чөйрөлөрдү чагылдырат.

Элчиликтин жаны имаратына алып барган жол


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августун аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

$
0
0

Жарлыктын тексти толугу менен берилет:

2016-жылдын 27-августунда бир эле мезгилде эки каргашалуу окуя болду. Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өрттүн кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы кырсык 9 мекендешибиздин өмүрүн алды.

Кыргызстан эли үчүн бул орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга оор учурда колдоо көрсөтүү үчүн чараларды көрүүдө. Адамдардын курмандыгына алып келген себептерди объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу иштери аткарылууда. Бул максатта Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августу аза күтүү күнү деп жарыялансын.
  2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.
  5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2016-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги кыргыз диаспораларынын активисттеринин жардамы менен Ансан шаарында

$
0
0

temp_1472520390691.-1928259610

2016-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги кыргыз диаспораларынын активисттеринин жардамы менен Ансан шаарында 2016 – Чет ѳлкѳлүк жумушчулардын достук фестивалына катышты. Фестиваль Корея адам ресурстарын ѳнүктүрүү кызматы (HRD Korea) тарабынан Кореядагы   чет ѳлкѳлүк жумушчуларды колдоо жана EPS (жумушка орношууга уруксат берүү системасы) системасынын мындан ары ѳнүгүүсү үчүн уюштурулду.

Эскертүү. Кыргызстан 2007-жылдан бери EPS системасынын мүчѳсү.

Урматтуу мекендештер! Өзүңүздѳр билгендей, 30-сентябрда «жашыл коридор»

$
0
0

37_main

Өзүңүздѳр билгендей, 30-сентябрда «жашыл коридор» – Кореяда мыйзамсыз жүргѳн Кыргызстандын жарандарына эч тоскоолсуз, депортация жана айып тѳлѳѳсүз ѳз ѳлкѳсүнѳ кайтып кетүү мүмкүнчүлүгүнүн мѳѳнѳтү  аяктайт. Берилген мѳѳнѳттѳн пайдаланган учурда, эч кандай маалымат «кара тизмеге» кирбейт жана корей визасын алгандан кийин Кореяга кайра легалдуу түрдѳ келип, мыйзамдын негизинде эмгектенип же окууга болот.

Элчиликтин маалыматы боюнча, октябрь айынан баштап Кореянын ар кандай шаарларында Кореянын миграция кызматы, Эмгек министрлиги жана Полиция агенттиктери тарабынан легалсыз мигранттарды таап, кармоо үчүн күчѳтүлгѳн рейддер («камоо») жүргүзүлүп баштайт. Рейддер чет ѳлкѳлүктѳр жашаган аймактарда, заводдордо, фабрика жана фермаларда жүргүзүлѳт. Кармалган учурда сѳзсүз түрдѳ депортацияланып, Кореяда канча убакыт легалсыз жүргѳнүнѳ карабастан, кайра кирүүгѳ 5 жыл мѳѳнѳттѳ тыюу жана ошондой эле ири суммадагы айып салынат.

Буга байланыштуу, депортациясыз жана айып тѳлѳѳсүз Кыргызстанга кайтып кетүү мүмкүнчүлүгүнѳн пайдаланып, жакындарыңыздар, туугандарыңдар менен кѳрүшүп, эс алып, күчкѳ толуп, корей визасын алгандан кийин Кореяга кайра мыйзам түрүндѳ келүүңүздѳргѳ чакырабыз.

Толук маалымат алуу үчүн Кореянын Миграция кызматынын сурап-билүү борборуна 1345 кыска номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Инчхон аэропортунун Миграция офисинин телефону: 032-740-7391(2).

Ошондой эле бардык суроолор менен Кыргызстандын Кореядагы Элчилигине 02-379-0952 номери аркылуу кайрылууңуздарды каалайм.

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулу А.Кыштобаев

2016-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Кыргызстандын Кѳз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана Элчиликтин жаңы имаратынын ачылышына карата салтанаттуу азем болуп ѳттү.

$
0
0

DSC_0066

Пресс-релиз

 

2016-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Кыргызстандын Кѳз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана Элчиликтин жаңы имаратынын ачылышына карата салтанаттуу азем болуп ѳттү.

Майрамдык аземге эмгек мигранттары, ишкерлер, студенттер жана Кореянын жарандарына турмушка чыккан аялдардан турган 50 гѳ жакын диаспоралардын лидерлери – кыргызстандык мекендештер катышты.

Элчи А.Бешимов мекендештерди Кыргызстандын тарыхында олуттуу жана маанилүү болгон Кыргыз Республикасынын Кѳз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. Өз кезегинде кыргызстандык диаспоралардын активисттери жаңы имаратка кѳчкѳндүгүнѳ байланыштуу Элчиликтин бүт жамаатын куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин айтышты.

Салтанаттуу майрам биримдик, Мекенге жана Кыргызстандын маданиятына болгон сүйүү жана урматтоо атмосферасында ѳттү.

 

 

Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилиги

Корея Республикасынын Иммиграция кызматынын маалыматы боюнча, Кореянын территориясында мыйзамсыз жүргөн иммигранттар үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен баштап киргизилген «жашыл коридор» үч айга, 2016-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

$
0
0

 

Корея Республикасынын Иммиграция кызматынын маалыматы боюнча, Кореянын территориясында мыйзамсыз жүргөн иммигранттар үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен баштап киргизилген «жашыл коридор» үч айга, 2016-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Ошону менен бирге, миграция бийлиги бул режимди киргизүүнүн жакшы натыйжа бергендигин белгилешти: апрельден баштап августка чейин 28 миң адам бул режимди колдонгон, мурунку жылдын ушундай эле мөөнөтүндөгү (14 миң нелегал) көрсөткүчкө салыштырганда 2 эсе көбөйгөн.

Ошондой эле Иммиграция кызматынын баалоосу боюнча, үстүбүздөгү жылдын август айынын аягы менен эсептегенде, 211 миң чет өлкөлүктөр Кореяда мыйзамсыз эмгектенүүнү улантып жатышат, ал эми 2015-жылдын аягында легалсыз иммигранттардын саны 214 миң адам болуп эсептелген.

Интернет-булак: http://www.immigration.go.kr/HP/COM/bbs_003/ShowData.do?strNbodCd=noti0091&strWrtNo=859&strAnsNo=A&strRtnURL=IMM_3020&strOrgGbnCd=104000&strAllOrgYn=Y

 

Биз мурун билдиргендей, «жашыл коридор» режими менен колдонгон учурда Кореяда легалсыз эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандары эч тоскоолсуз, депортациясыз жана айып төлөөсүз өлкөдөн чыгып кете алышат. Ошону менен бирге, «кара тизмеге» киргизилбейт жана корея визасын алгандан кийин Кореяга кайра келип мыйзам негизинде эмгектенип же болбосо окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Толук маалымат алуу үчүн Кореянын Иммиграция кызматынын кыска номерине чалсаңыздар болот: 1345

Инчхон аэропортундагы Иммиграция офисинин телефону: 032-740-7391(2).

Бардык суроолор менен Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчилигине төмөнкү номер менен кайрылсаңыздар болот: 02-379-0952.

 

Viewing all 66 articles
Browse latest View live