Quantcast
Channel: Посольство Кыргызстана в Республике Корея
Viewing all articles
Browse latest Browse all 66

Урматтуу мекендештер! 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болот. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде добуш берүү участогу ачылат.

$
0
0

Урматтуу мекендештер!

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болот.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде добуш берүү участогу ачылат.

Мыйзамга так келгендиктен, Корея Республикасынын аймагында жургон Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө укуктуу, БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТЫНЫЗДЫ ТАПШЫРГАНДАН КИЙИН жана КОНСУЛДУК УЧЕТУҢУЗ БАР БОЛСО добуш бере аласыз.

Ушуга байланыштуу, урматтуу мекендештер, эгерде биометрикалык маалыматыңызды тапшыра элек болсоңуз жана консулдук учетуңуз жок болсо, шашылыш түрдө 2017-жылдын 29-сентябрына чейин Элчилике келип кетүүңүздү суранабыз. (тел.02-379-0951/2)

Биометрикалык маалыматтарды тапшыргандыгы жѳнүндѳ тастыктоочу кагазы бар же жаңы тапшырган жарандар консулдук учетко АКЫСЫЗ алынат.

Көңүл буруңуздар, эгерде Кыргызстандын жарандары, 2017-жылдын 29-сентябрына чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болгон болсо жана консулдук учетко турбаса, ДОБУШ БЕРЕ АЛБАЙ КАЛЫШАТ.

 

WWW.SHAILOO.SRS.KG САЙТКА ОЗУНУЗДУ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИНДЕ ТЕКШЕРИП КОЮНУЗ.


Viewing all articles
Browse latest Browse all 66