Урматтуу кыргызстандыктар, ардактуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү менен дилимден куттуктайм!
Ѳлкѳбүздүн жаркын келечеги жана өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн. Мамлекетибизде ар дайым ынтымак, биримдик, туруктуулук болуп, жергебизде эркиндиктин жана тынчтыктын туусу желбирей берсин!
Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт таалай жана жаркын маанай каалаймын!
Урматтоо менен,
Атай Наматбаев,
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү ѳкүлү