Ар бир күнү Кореянын ар башка шаарларында Миграциялык кызматы, Эмгек Министирлиги жана Полиция агентствосу тарабынан легалсыз жүргөн жарандарды аныктап жана кармоо үчүн ыкчам аракет “рейд” жүрүүдө. Кармалган легалсыз жүргөн жарандарды, канча убакыт легалсыз жүргөндүгүнө карабастан, Корея өлкөсүнөн 5 жылдык мөөнөткө депортация кылынып кирүүгө тыйуу салынат.
Ушуга байланыштуу, эсиңиздерге саламын, урматтуу мекендештер, 2016-жылдын 1-апрелинен тарта 2016-жылдын 30-сентябрына чейин 6 айдын ичинде тоскоолсуз, депортациясыз жана штрафы жок Кыргызстанга чыгып кетсеңиз болот. Бул менен бирге сиздер тууралуу маалымат «кара тизме»ге кирбейт, кайра башынан корей визасын алганыңыздардан кийин, кайтадан Кореяга легалдуу келип окуп иштеп кетсеңиздер болот. Урматтуу мекендештер мүмкүнчүлүк менен пайдаланууга чакырам, мекенибизге барып, тууган уруктар менен көрүшүп, күч кубат алып кайра башынан мыйзамдуу жол менен Кореяга келүүңүздөргө тилектешмин.
Толук маалымат алуу үчүн Кореянын Миграциялык кызматынын маалымат борборуна алдыдагы уйулдук номери аркылуу кайрылсаңыздар болот: 1345
Инчхон аэропортунун Миграциялык офисинин телефону: 032-740-7391(2).
Жана башка суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчигине кайрылсаңыздар болот: 02-379-0952.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Элчигинин Консулу
Азиз Кыштобаев