Кыргыз Республикасы 2016-жылдын 2-апрелине караган түнүндөгү кан төгүүлөргө, адамдардын жабыр тартуусуна жана курмандыгына алып келген Тоолуу Карабахтагы курчуган кырдаал тууралуу маалыматты терең тынчсыздануу менен кабыл алды.
Кыргызстан эки тарапты тең жалпы кабыл алынган принциптердин жана эл аралык укуктук ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен чатакты жөнгө салуу жана курчутпоо үчүн тез арада сүйлөшүүгө отурууга чакырат.
Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 5-майындагы Бишкек протоколуна кол коюунун тарыхый тажрыйбасына таянып, талаш-тартыштарды чечүү үчүн конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууга чакырат жана саясий жактан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.