2017-жылдын 27-октябрында Сувон шаарындагы «Кырхан» борборунда Кореянын Эмгек ресурстарын ѳнүктүрүү Департаментинин (HRD Korea) жана Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери менен кыргызстандык эмгек мигранттарынын жолугушуусу болуп ѳттү.
Жолугушууда E-9 категориясындагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын аз чакырылып жаткандыгы жана башка тиешелүү маселелер талкууланды. Кореяга чыгууга даярданып жаткан кыргызстандыктар Кореядагы жашоо шарттары, иш жагдайлары тууралуу жакшы билбей эле келип алып, кѳптѳгѳн маселелер жаралып жаткандыгы ѳзгѳчѳ белгиленди. Бул тууралуу даярдоо учурунда жетиштүү маалымат берилбегендиги айтылды.
Чогулган эмгек мигранттары демилге кѳтѳрүп Кореянын завод, фабрикаларындагы чыныгы жашоону чагылдырган видеосюжетти кыска убакыттын ичинде даярдоону чечишти. Бул видеоматериалдар Кореяга чыгууга даярданып жаткан кыргызстандыктарга Кореядагы жумуш шарттары жана башка жагдайлар жѳнүндѳ реалдуу маалымат берип, жумушка жана жаңы чѳйрѳгѳ тез кѳнүп кетишине жардам бермекчи.
Мындай жолугушууларды Кореянын ар кайсы региондорунда 2 айда бир жолу ѳткѳрүп туруу макулдашылды.