2017-жылдын 22-24 май аралыгында чет-ѳлкѳлүк жарандарга БЕКЕР юридикалык консультация ѳткѳрүү
Урматтуу мекендештер!
Корея Республикасынын Иммиграция кызматынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 22 (дүйшѳмбү) – 24 (шаршемби) – май аралыгында Кореянын Иммиграция кызматынын 15 аймактык офистеринде тиешелүү адвокаттар жана юристтер тарабынан (91 адам) Кореяда жашап жаткан чет ѳлкѳлүк жарандар жана мультимаданият үй-бүлѳлѳргѳ бекер юридикалык консультациялар берилет.
Бул акция Кореянын чет ѳлкѳлүктѳргѳ тең укуктуу мамиле жасоо тууралуу мыйзамынын алкагында «Together Day-10» мааракесине арналган.
□ Качан? : 22-(дүйшѳмбү)~24-(шаршемби) –май, 2017-ж.
□ Кайсы жерде? : Кореянын Иммиграция кызматынын 15 аймактык офистеринде (алдыдагы тизмеде даректер бар)
□ Ким бекер консультация ала алат?
○ Кореялыктар менен никеге тургандар, эмгек мигранттары, чел-олколук студенттер
□ Консультациялар кайсы сфераларда берилет?
○ Үй-бүлѳ укугу, үйдү арендага алуу, карыз маселелери, жарандык укук, кылмыш кодекси, эмгек маянасын ала албай жүргѳн эмгек мигранттары жана башка эмгек миграцияга байланышкан маселелер
САЙТ: https://www.immigration.go.kr
Иммиграция кызматынын регионалдык офистеринин тизмести
Офис | Телефон | Дареги |
Сеул | 02-2650-6217 | (08013) 서울특별시 양천구 목동동로 151 |
Пусан | 051-461-3084 | (48940) 부산광역시 중구 충장대로 20 |
Инчон | 032-890-6411 | (22306) 인천광역시 중구 서해대로 393 |
Сувон | 031-695-3821 | (16705) 경기도 수원시 영통구 반달로 39 |
Чеджу | 064-741-5446 | (63158) 제주특별자치도 제주시 용담로 3 |
Тэгу | 053-980-3558 | (41143) 대구광역시 동구 동촌로 71 |
Тэджон | 042-220-2190 | (34812) 대전광역시 중구 목중로 26번길 7 |
Ёсу | 061-689-5516 | (59638) 전남 여수시 무선로 265 |
Янгджу | 031-828-9311 | (11443) 경기도 양주시 평화로 1475번길 23 |
Ульсан | 052-279-8029 | (44691) 울산광역시 남구 돋질로 86 삼호빌딩 2층 |
Квангджу | 062-605-5210 | (61969) 광주광역시 서구 상무대로 911번길 22 |
Чанвон | 055-981-6021 | (51716) 경남 창원시 마산합포구 제2부두로 30 |
Чунчон | 033-269-3215 | (24408) 강원도 춘천시 동내면 사암길 12 |
Чонгджу | 043-235-4905 | (28365) 충북 청주시 흥덕구 비하로 12번길 52 |
Чонжу | 063-249-8603 | (54903) 전북 전주시 덕진구 동부대로 857 |