Келе жаткан жазгы Нооруз майрамыныздар менен чын дилимден куттуктап, сиздерге жарык маанай каалайм.
Эзелтеден бери Нооруз адамдын жан-дүйнөсүнө жаңыланууну, тазарууну, жаңы үмүт-тилектерди, жакшылыктарды алып келген. Нооруз майрамы элибиздин бейпил жашоого жана жаркын келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди эл-жерибизге, мекенибизге болгон сүйүүгө үндөп турат. Ушул жаз күнүндөй жаркыраган Нооруз майрамында чет өлкөлөрдө жашаган бардык мекендештерге тынчтык, бакыт-таалай, бакубат турмуш, жакшы ниеттерди каалайм.
Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, далай тайгак кечүүлөрдөн өттү. Элибиз өткөөл кезеңдин бул сыноолорунан абийир жана намыс менен чыгып, өлкөбүздө тынчтык менен туруктуулукту сактап кала алды. Бул ыйык майрам бизге ынтымакты, биримдикти, бүтүндүктү, тынчтык жана бейкутчулукту алып келишин жана Кыргызстан өз өнүгүүсүндө бийик жетишкендиктерге ээ болуусун каалайм.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси
Аскар Бешимов